• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы швейцариялык Bartholet Swiss компаниясы менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Швейцариянын Флумус шаарында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аркан-жол тармагы боюнча дүйнө лидери болгон Bartholet Swiss компаниясынын ээси жана президенти Роланд Бартолет менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушууда Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында аркан жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди.

Белгилей кетсек, бул шаардын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана эффективдүү транспорттук чечимдерди камсыз кыла турган шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Бул демилге заманбап жана туруктуу шаар чөйрөсүн түзүүнүн негизги фактору болуп калат.

Пикир

Оставить комментарий