• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын достук чек арасына айлантуу керек – Мирзиеев

Саясат 0

Бишкек, 05.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын достук чек арасына айлантуу керек. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстандын башчысы Алмазбек Атамбаев менен тар чөйрөдө жолугушуусу учурунда айтты.

Анын айтымында, бүгүн чек аралар боюнча келишимге кол коюлат. “Бул ишке ашпай да калмак. Кандай болсо, ошондой кете бермек. Бирок, эки жетекчинин эрки менен, биз бул чек араны достук чек арасына айлантуу керектигин айттык”, - деди ал.

Мирзиеев мындай курамдагы делегация менен сапар эч качан жасалбаганын белгиледи.

“Биз парламенттерибиз жолугушуусун каалайбыз. Бул дипломатиянын негизи. Биз ошондой эле 4 райондун акимин алып келдик. Алар чектеш райондордон жана Ташкент шаарынан. Биз губернатор жана акимдерибиз уруксат сурабастан, маселелерди өздөрү чечишин чын дилден каалайбыз. Биз ишкерлердин тобун алып келдик. Өзбекстандын товар өндүрүүчүлөрү келишти. Алар учурда көз карандысыз жана биз аларга көп укуктарды бергенбиз. Бүгүн ири форум өттү. Мага билдиришкендей, тараптар бирге соода кылууга жана атаандаштыкка жөңдөмдүү продукцияны өндүрүүгө ак ниеттерин айтышкан”, - деп кошумчалады Өзбекстандын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий