• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кубанычбек Өмүралиев Түркиядагы Африка мамлекеттеринин элчилери менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркияда аккредиттелген дипломатиялык корпустун Дуайени (башчысы) – Жибутинин элчиси Аден Хусейн Абдиллахи, Африка мамлекеттеринин Түркиядагы дипломатиялык корпусунун Дуайени (башчысы) – Түштүк Судандын элчиси Майок Гуандун Тьеп, ошондой эле Гананын Франциска Эшитей-Одантон, Чад Республикасынын Нукур Гует Адоум Дангай, Камерун Республикасынын Виктор Чачуво жана Сенегал Республикасынын Чейх Гейе элчилери менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Өмүралиев Африка мамлекеттеринин өкүлдөрүнө Кыргызстандагы кырдаал жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде жакынкы арада Бириккен Улуттар Уюмунун шайлануучу органдарына Кыргызстандын талапкерлигин өз ара колдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий