• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Амангелдиев Сеулда KOICAнын президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-октябрда Сеул шаарында КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев KOICAнын президенти Сон Хюк Санг менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар быйылкы жыд маанилүү экенин, анткени Кыргызстан менен Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүнө 30 жыл болгонун белгилешти.

Тараптар учурда мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү өңдүү тармактарда жалпы суммасы 48 миллион доллардан ашык ишке ашырылып жаткан 10 долбоор, адам ресурстарын өнүктүрүү программасы жана волонтердук программа боюнча пикир алышты.

Өз кезегинде президент Сон Хюк Санг KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана КР министрлер кабинетинин жакшы координацияланган ишин белгилеп, социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана өлкөнүн жарандарынын жыргалчылыгына багытталган долбоорлорду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министр Амангелдиев кореялык тарапты контр-өнөктөшү катары кыргыз тарап KOICAнын Кыргызстандагы кеңсесинин толук кандуу иштешине ар тараптуу жардам көрсөтөрүнө ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы жылдарга артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы жемиштүү кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий