• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Индия туризм жаатында кызматташат

Саясат 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Нью-Дели шаарында Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев Индиянын туризм министринин орун басары Арвинд Сингх менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Исаев Кыргызстандын туристтик дарамети, бардык чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн өлкөгө кирүү жандандырылгандыгы тууралуу айтып берип, ушуга байланыштуу элчилик бүгүнкү күндө Кыргызстанга индиялык туристтердин санын көбөйтүү боюнча жигердүү аракеттерди көрүп жаткандыгын айтты.

Ошондой эле, 2020-жылдын январь айында Нью-Делиде кыргыз туроператорлорунун катышуусу менен туристтик Роуд-шоу уюштурулуп, анын жүрүшүндө кыргыз тарап индиялык туроператорлордун сапарын уюштурууну сунушталганы белгиленди.

Министрдин орун басары Сингх өз кезегинде, туризм Индиядагы эң ири тейлөө тармагы катары 140 миллионго жакын жумуш ордун камсыздаганын, бул жалпы жумушчу орундун 10%ын түзүү менен бюджетке 305 миллион АКШ доллар тегерегинде киреше алып келерин айтып, өлкөнүн ИДПсынын 12%ын түзөрүн белгиледи.

Ал Индиянын туроператорлорун Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, кызматташтыктын багыттарынын бири катары чет мамлекеттерде бюджеттик мейманканаларды курууга инвестиция салып жаткан жана стартапы учурда бүткүл дүйнөдө кеңейтилген Индиянын мейманканаларынын жана конок үйлөрүнүн өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Ошондой эле, бул мейманкана тармагы эс алуунун экономикалык вариантын жактыргандар үчүн арзан, экологиялык жактан таза, сапаттуу мейманканалардын же конок үйлөрүнүн Кыргызстанда курулушун уюштура алары белгиленди.

Жолугушуунун аягында жакынкы аралыкта КР Туризм департаментинин катышуусунда туризм боюнча биргелешкен жумушчу топтордун отурумун өткөрүп, учурдагы маселелерди талкуулоо боюнча макулдашуу жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий