• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Азамат Карагулов Кувейттин ТИМ башчысынын орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов ал мамлекеттин тышкы иштер министринин орун басары, Эл аралык уюмдардын иштери боюнча департаментинин директору Абдельазиз Аль-Жарралла менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, 14-декабрда эл аралык жана регионалдык уюмдардын, БУУ жана анын уюмдарынын алкагында эки тараптуу кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулоо максатында элчи Азамат Карагулов Эл аралык уюмдардын иштери боюнча департаментинин директору Абдельазиз Аль-Жарралла менен жолугушту.

Элчи Карагулов кувейттик тарапты президент Садыр Жапаровдун климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүдөгү демилгелери менен тааныштырып, ноябрда ЮНЕСКО тарабынан “Тоолуу мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү жана изилдөөнү кеңейтүү” жана 2022-жылды “Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн жылы” деп жарыялоо тууралуу резолюциянын долбоорун илгерилетүү боюнча милдеттер менен тааныштырды.

Аль-Жаралла кувейттик тараптын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө өзгөчө көңүл буруусун белгилеп, бул багытта Кувейт достук мамиледеги өлкөлөрдүн улуттук жана эл аралык демилгелерин принципиалдуу позициясын колдой тургандыгын белгиледи.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар Глазгодо өткөн БУУнун климаттын өзгөрүүсү тууралуу алкактык конвенциясынын 26-климаттык саммитине катышуунун алкагында Кыргызстандын президенти менен Кувейттин премьер-министринин жолугушуусунун жыйынтыгына канааттанууну билдирип, мындан ары дагы ар кайсы деңгээлдерде тыгыз кызматташууга даярдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий