• 88.68
  • 95
  • 0.95

Палестинанын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 17.06.23. /Кабар/. Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Малики Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Анын визити ушул жылдын август айына пландаштырылган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Палестина Мамлекетинин президенти Махмуд Аббас менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Палестинанын лидери Махмуд Аббас Пекин шаарынан мамлекеттик сапардан кийин (Кытай Эл Республикасы) келе жатып, кайрылып, Кыргызстанга сапар жасаган. Тараптардын жолугушуусу 16-июнда өттү.

undefined

Жолугушууда өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

"Садыр Жапаров Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Маликинин Кыргызстанга ушул жылдын август айына пландаштырылган расмий сапарын кубаттай турганын билдирди", - деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Кыргызстандын президенти Палестинанын тышкы иштер министринин расмий сапарынын жүрүшүндө маанилүү келишимдер түзүлүп, кызматташуунун мындан аркы перспективалары талкууланарына ишеним арткан.

Ошондой эле учурдан пайдаланып, президент Садыр Жапаров Махмуда Аббасты ыңгайлуу убакытта өлкөгө алгачкы расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий