• 88.68
  • 95
  • 0.95

ТИМ башчысынын орун басары Мадмаров Корея элчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Ёк менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашып, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы ар кандай чөйрөлөрдө практикалык өз ара аракеттенүүнү жана жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлар менен алмашуу, анын ичинде парламенттер аралык байланыштар аркылуу саясий диалогду улантуу зарылдыгы белгиленди.

Мадмаров корея тарабына өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгына байланыштуу өлкөлөрдүн тизмесинен Кыргызстанды чыгаргандыгы жана Кореянын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстандын жарандарына виза берүү иштерин жандандыра баштагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий