• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте милиция адашып кеткен өспүрүмдү таап берди

Коом 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Бишкекте милиция адашып кеткен өспүрүмдү таап берди, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-февралда болжол менен саат 13:25тер чамасында милицияга калаадагы Бөкөнбаев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жаш бала жоголду деген маалымат түшкөн.

Жерине кайгуул кызматкерлери келип,2006-жылы туулган Ж.Э. аттуу жашы жете элек өспүрүм бала жоголуп, изделип жаткандыгын такташкан.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыска убакыттын ичинде Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жаш баланы табылып, апасына сак-саламат жеткирилип берилген.

Өз кезегинде жаш баланын апасы милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий