• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр эмне үчүн «чык эшикке» дегени жана бюрократия тууралуу айтып берди

Саясат 0

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков «Бешинчи каналга» берген кеңири интервьюсунда бир катар актуалдуу маселелер боюнча жооп берди. Ошондой эле эмне үчүн өкмөттүн жыйынында чиновникти «Чык эшикке» деп чыгарып жибергендигине жана маселе чечкендин ордуна манчыркаган бюрократтарга карата мамилеси тууралуу да сөз кылды.

«Мен ачууга алдырбаган, салмактуу кишимин, мени өзүмдөн чыгаруу оңой эмес. Мен ал чиновникти «чык эшикке» деп айтканыма албетте өкүндүм, антип айтпашым керек эле. Бирок өзүмдү кармана албадым. Ал жыйналышта быйылкы жылы өлкөбүздө болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын маселелери каралып жаткан. Акча каражаты бөлүнгөн, чечиле турган маселелер чечилбептир. Ачуумдун келгени ошондон болду», - деп билдирди ал.

«Кызматтык милдети боюнча бул функцияларды аткарууга милдеттүү болгон, бирок аны аткарбаган адамдарды көрсөм, жөнөкөй адамдардын жөп-жөнөкөй эле маселесин чечпей, созуп отурган бюрократтарды көрсөм, чынымды айтсам кыжырым келип кетет»,- деп кошумчалады С.Жээнбеков.

«Биздин өкмөт тынчтыктын жана туруктуулуктун шартында, президенттин өтө чоң колдоосу астында иштеди. Жогорку Кеңеш менен конструктивдүү иш алып барды. Биз саясый талаш-тартыш, оюндарга тартылбай, президент, Жогорку Кеңеш, эл койгон максаттарга жетише алдык. Кыска убакыттын ичинде өкмөт жана парламент бекиткен программаны аткара алдык. 2016-жылдын көрсөткүчтөрү жакшы болду, ошон үчүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун бир добуштан кабыл алды»,- деди өкмөт башчысы.

Пикир

Оставить комментарий