• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сапардын алкагында президент Ильхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Пикир

Оставить комментарий