• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Бир алкак – бир жол" демилгеси БА өлкөлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат – Арабаев

Коом 0

Ташкент, 12.10.23. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. “Бир алкак – бир жол” демилгеси учурда Борбордук Азияда эң пайдалуу долбоор болуп, аймактагы мамлекеттердин өз ара кызматташуусунда жаңы экономикалык, инвестиция жана инфраструктура мүмкүнчүлүктөрүн жаратууда. Бул тууралуу КР президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун Укуктук жана саясий изилдөөлөр борборунун жетекчиси Автандил Арабаев Ташкентте өткөн "Бир алкак жана бир жол: Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” темасындагы тегерек столдун алкагында "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты.

Арабаевдин айтымында, мындан 10 жыл мурда сунушталган “Бир алкак, бир жол” концепциясы учурда дүйнөлүк кызматташтыктын толук кандуу платформасына айланды, анын алкагында Азия, Африка жана Европага деңиз жана кургактан жолдор тартылып, ыкчам өнүгүп жатат.

"Булардын себеби, Кытайдын глобалдык маселелерди биргелешип чечүү үчүн "адилеттүү жана инклюзивдүү процесс" моделин сунуш кылганында. Мында бир жактуу платформаны таңуулоо ордуна, бардык тараптардын кызыкчылыктарын камтыгандыгы чоң мааниге ээ. Андыктан, Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан дагы эң алгачкылардан болуп бул глобалдык долбоорду колдоп чыкты. Ушундан улам Борбор Азия мамлекеттерин "Бир алкак – бир жол" долбоорунун авторлору жана активдүү катышуучулары деп толугу менен айтууга болот”, - деп белгиледи ал.

Окумуштуунун баамында, бул демилге Кытайды гана эмес, жол боюндагы мамлекеттерди инфраструктуралык логистика жана соода аркылуу жаңы мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылууда. “Мурдакы совет доорундагы инфраструктуранын эскиргендигин жана альтернативалык соода жолдорун издөөнү эске алганда, Борбор Азия мамлекеттери үчүн демилгенин дал ушул жагы абдан пайдалуу”, - деп айтты А. Арабаев.

Суубатташыбыз демилгенин артыкчылыгына токтолуп, анын экономикага жана интеграцияга өзгөчө басым жасаганына көңүл бурду. “Экономикалык интеграция элдердин социалдык-маданий жактан жакындашуусу учун эң ынгайлуу шарттарды түзөт. Маселен, Борбор Азия мамлекеттеринде жеңил өнөр жай товарлары гана эмес, айрыкча жаштар арасында абдан популярдуу болгон кытай ашканасы жана тили популярдуу болуп калды. Эгерде мурда англис тилинин популярдуулугу байкалган болсо, бүгүнкү күндө көптөр кытай тилин үйрөнүүгө ыклас коюшкан”, деп профессор мисал келтирди.

Ошондой эле профессор Арабаев “Бир алкак, бир жолдун” жүзөгө ашырылышында “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолунун курулушунун маани-маңызына кенен токтолду. Анын баамында, Борбор Азиянын деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, ошондуктан бул темир жолунун курулушу маанилүү аймактык долбоор болуп саналат. Аны ишке ашыруу Улуу Жибек Жолунун аймагында жайгашкан Борбордук Азия, айрыкча Кыргызстан үчүн эл аралык соода, инвестиция, транзиттик жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

Окумуштуунун айтымында, бул багыттагы иш-чаралар президент Садыр Жапаровдун быйылкы Сиань саммитинде сүйлөгөн сөзүндө так белгиленген. Атап айтканда, “Борбордук Азия – Кытай” жаңы экономикалык диалогунун биргелешкен стратегиясын иштеп чыгуу, санариптик жана “жашыл” инфраструктуранын өз ара байланышын жогорулатуу, өткөрүү пункттарында айыл чарба жана азык-түлүк товарларын бажылык тариздөө үчүн “экспресс коридордун” тажрыйбасын жайылтуу, “акылдуу” айыл чарба чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү, сууну үнөмдөөчү, “жашыл” жана жогорку эффективдүү технологияларды ишке киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу жана башкалар болуп саналат.

Арабаев сөзүнүн соңунда, “Бир алкак, бир жол” демилгесинин экинчи он жылдыгы жаңы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө салым кошуу менен өзүнүн динамикалуу, тең салмактуу жана өз ара пайдалуу мүнөзүн сактап каларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий