• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку Кеңеш жаңы премьерди дайындоо үчүн кезексиз жыйынга чогулат

Саясат 0

Бишкек, 27-июль /Салтанат Абдраева - Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары августтун экинчи жарымында өлкөнүн жаңы премьер-министрин дайындоо үчүн кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, КСДП партиясынын талапкери учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков талапкер катары расмий катталгандан баштап премьерлик милдеттерин өткөрүп берүү чечимин кабыл алган. Бул талапкерлер менен бирдей деңгээлде болуп, административдик ресурстарды колдонуу боюнча шек жаратпоо максатында жасалууда.

“Буга байланыштуу парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйыны, андан соң парламенттин кезексиз жыйыны өтөт. Депутаттар жаңы премьер-министрди тандап, бекитишет. Балким, өкмөттүн жаңы курамы бекитилет”, - деди Аманкулов.

Депутат мыйзам боюнча БШКга документтерди тапшыруу 1-августка чейин уланарын, андан кийин 10 күндүн ичинде талапкерлерди каттоо болорун, болжол менен августтун 2-жарымында ЖКнын кезексиз жыйыны болорун айтты.

Белгилей кетсек, дүйшөмбүдө Чолпон-Атадагы маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр талапкер катары катталган соң кызматын өткөрүп берерин билдирген.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда 39 талапкер болду. Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин КСДП партиясы көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий