• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дайырбек Орунбеков АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын м.а. менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Кеннеди-Трюдо менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууга АКШнын КРдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Брайан Бэкман катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маалымат жаатындагы, анын ичинде сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашты.

Маалыматтык саясат кызматынын башчысы жакында Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган Баткен облусунун айылдарына дипломатиялык корпустун, республикада аккредитацияланган эл аралык уюмдардын, ошондой эле чет элдик жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жасаган иш сапары тууралуу айтып берди.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинин жылдык рейтингинде – 2022-жылдагы басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде Кыргызстан 7 сапка көтөрүлүп, 72-орунга жайгашкандыгын белгилеп, бул мамлекет башчынын саясатынын, анын сөз эркиндигине карата мамилесинин натыйжасы экендигин кошумчалады.

Дайырбек Орунбеков ошондой эле коомдук талкууга коюлган ЖМК жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясына токтолду.

«Мурдагы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган жана моралдык жактан эскирген. Мыйзамдын жаңы редакциясы учурдун чакырыктарын жана талабын чагылдырат жана эч кандай сөз эркиндигин чектөөгө, же басмырлоого багытталган эмес», - деп белгиледи маалыматтык саясат кызматынын башчысы.

Өз кезегинде, мамлекеттик катчынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Баткенде каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Сиз басма сөз каражаттарына, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, эл аралык уюмдарга ачык мүмкүнчүлүк бердиңиз. Биз Кыргызстандын регионалдык стабилдүүлүктү сактоо үчүн жасаган салмактуу, токтоо мамилесин жогору баалайбыз. Кыргызстан маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча региондогу жарык аймак болуп саналат», - деди Элизабет Трюдо жана АКШ президенти Жо Байдендин жана АКШ мамлекеттик катчысынын саламын жолдоду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутуу жаатында кызматташууну улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий