• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттукташты

Аймак 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында шаардагы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган иш-чара өттү.

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова мэр Алмаз Мамбетовдун атынан мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана келечек муундарды тарбиялоого кошкон салымын белгиледи.

Ошону менен бирге, быйылкы жылы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктоо Баткен облусундагы окуяларга байланыштуу жылдырылганы, кийинки жылы салтанаттуу өткөрүлө тургандыгы айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон 70тен ашык мугалимдер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий