• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында «Биз биргебиз!» акциясы жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. 3-декабрь – Майыптардын Эл аралык күнүнө карата Нарын облусунун аймагында иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

15-ноябрдан баштап 15-декабрга чейинки аралыкта облустун аймагында «Биз биргебиз!» аталыштагы бир айлык акция жарыяланган. Анын алкагында райондордогу, Нарын шаарындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналган майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, мындан сырткары, аларга дайым колдоо көрсөтүү менен бирге жакындан жардам берүү пландалган.

Жер-жерлерде иш-чараларды өткөрүүгө Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун резервдик фондунан 60 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Облус боюнча ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) 12 миң 296 адам катталган. Анын ичинен 6233 адам социалдык фонддун каттоосунда, ал эми 6063 ДМЧ социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турат. 6063 ДМЧнын 2030 адамы 18 жашка чейинки балдар, 319 шал оорусу (ДЦП) менен жабыркагандар, 3714 адам жалпы оорунун майыптары.

Пикир

Оставить комментарий