• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде мыйзамсыз иштеген 33 шахта аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Баткен облусунда мыйзамсыз иштеп жаткан 33 шахта аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Тагыраак айтканда, Инспекциянын мыйзамсыз көмүр казууну алдын-алуу, кен казууда техникалык коопсуздук талаптарын камсыздоо боюнча жүргүзгөн рейд учурунда Кызыл-Кыя шаарында 33 шахта мыйзамсыз иштегени такталган. Жеринде көмүр казуучу жайлардын ишин токтотуу талабы менен15 шахтанын башчыларына административдик айып жана 3 жаранга протокол толтурулган. Жеринде чогултулган материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн каржы полициясына жөнөтүлдү.

Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаардык мэриясына жана Үч-Коргон айыл өкмөтүнө өзүлөрүнүн аймагындагы шахталардын ишинин мыйзамдуулугун, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кырсыктарды алдын алуу максатында көзөмөлдү күчөтүп, тийиштүү чараларды көрүү боюнча эскертүү баракчалары таратылды.

Пикир

Оставить комментарий