• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто өзгөчө абал киргенден бери 56 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Ош облусунда 25-марттан бери 56 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 9 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

"Ар бирине токтолуп айтпай эле коеюн. Бирок былтыркы жылга салыштырмалуу облуста үй-бүлөлүк зомбулук 14 учурга азайган. 56 учурдун ичинде аялы күйөөсүнө кол көтөргөн 7 учур катталды", - дейт ал.

Нурдинов маалымдагандай, өзгөчө абал киргендер бери кылмыштуулук, жол кырсыгы кескин түрдө кыскарган.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий