• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жол кырсыгынан Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын дарыгери кайтыш болду

Аймак 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын рентген бөлүмүнүн башчысы Сүйүнүчбек Кочкоров жол кырсыгынан мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Сүйүнүчбек Кочкоров 1970-жылы 17-майда Жалал-Абад облусунун Ленин районунун Ноокен айылынын Рахманжан колхозунда төрөлгөн. Өзүнүн саламаттык сактоо тармагындагы эмгек жолун 1998-жылы КММИни ийгиликтүү аяктаган соң баштаган. 1998-2000-жылдары КР МжФКБҮӨРБда үй-бүлөлүк дарыгер адистиги боюнча клиникалык ординатурасын өтүү менен баштаган. Өз кесибин мыкты өздөштүргөн жаш адис 2001-жылы Ош облустар ооруканасынын рентген бөлүмүнө дарыгер-рентгенолог адистиги боюнча жумушка кабыл алынган жана таалыкпаган эмгегинин артынан 2017-жылы рентген бөлүмүнө бөлүм башчы катары дайындалып жана өмүрүнүн акырына чейин үзүрлүү эмгектенип келген.

Кочкоров 23 жылдан ашуун татыктуу эмгек жолун калктын ден соолугун чындоого жана бекемдөөгө бардык ыңгайлуу шарттарын түзүп берүүсүнө алгылыктуу салым кошуп келген.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасындагы иштөө мезгилинде да өзүнүн мыкты, чыгаан адистигин, компетенттүү уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн, талыкпас энергиясын, иштин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон инсан катары көрсөтүп келген.

Анын жаркын элеси дайыма кесиптештеринин жүрөгүндө сакталат. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жалпы жамааты Сүйүнүчбек Кочкоровдун үй - бүлөөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий