• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто айымдар арасында волейбол боюнча шаардык мелдеш өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Ош шаарында 8-март - аялдардын Эл аралык күнүнө карата айымдар арасында волейбол боюнча шаардык мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, спорттук мелдештерди өткөрүү менен сергек жашоо образын жайылтуу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

Турнирге 30 команда катышууда, анын ичинен 12 команда шаардык уюмдардан, 4 команда жогорку жана орто атайын окуу жайлардын окутуучуларынан, 11 команда ЖОЖдун студенттеринен куралган.

Турнир 6-7-март күндөрү өтөт. Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу белектери менен сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий