• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад: Шаар мэри болкпосттордун шарттарынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаага кирүүчү жайларга орнотулган болкпостторго барып, андагы түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Азыркы учурда белгиленген жайларда күч түзүмдөрүнүн жана шаардык ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Кыдыруу учурунда мындагыларга шаар башчысы өтүүчү көзөмөл посттордогу шарттарды жакшыртууда маселелер болсо кайрылуусун айтып, кызматкерлердин ыңгайлуу шарттарда иш алып баруусуна жергиликтүү бийлик тарабынан мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлөөрүн билдирди.

Коронавирус оорусунун калк арасында жайылуу коркунучун алдын алууда шаарга кирүүчү үч жайга санитардык блокпосттор орнотулган. Анда район-шаарлардын тургундарынын өз ара каттамдары токтотулуп, өтүп жаткан жүк ташуучу унаалар санитардык дезинфекцияланууда.

Пикир

Оставить комментарий