• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 2020-жылы 80 миң “акылдуу” эсептегич орнотуу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. «Улуттук энергетикалык холдинг» ишканасынын төрагасы Айтмамат Назаровдун респбликанын түштүгүнө болгон иш сапарынын алкагында “Ошэлектр” ишканасында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу “Энергохолдингдин” басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жыйында 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилинин өтүшү тууралуу талкуу болуп, «Ошэлектр» ААКнын бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана РЭТтердин жетекчилери катышты. Жыйында калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо, оперативдүү тейлөө маселелери көтөрүлүп, 2020-жылга пландар коюлду.

Айтмамат Назаров «Ошэлектр» ААКнын жылдык отчету өткөн жылдарга караганда бир топ ийгиликтүү болгонун баса белгилеп, ошону менен бирге кемчиликтердин үстүнөн иштөөнү жана 2020-жылга 80 000 “акылдуу” электрэсептегичтерди орнотууну тапшырды.

Ошондой эле, ал «Бирдиктүү колл-борборду» киргизүүнүн, «акылдуу» эсептегичтерди орнотуунун жана ошондой заманбап маалымат технологиялардын алдыңкы продукцияларын өндүрүштө колдонууну талап койду. GIS программасын колдонууда же болбосо компаниянын электр тармактарындагы ар бир электр бирдиктин геолокациялык жайланышын киргизүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий