• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулук районунда милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан баштап Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги Сокулук районунун акими Курманбек Айтибаев менен биргеликте эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Сокулук районунун айылдарында жергиликтүү калк менен 14 жолугушуу өткөрүлдү.

Сокулук РИИБнин башчысы У.Шамбетов бардык жолугушууларда жалпы райондун аймагындагы оперативдик абал боюнча маалымат берип, келгендерге кылмыштуулуктун эң көп кездешкен түрлөрү жана андан кантип коргонуу керектиги тууралуу айтып берди. Чогулгандар аларды кызыктырган социалдык мүнөздөгү, ошондой эле коомдук тартипти сактоого, участкалык милиция кызматкерлеринин ишине байланыштуу суроолорду беришти.

Жеке маселелер боюнча тиешелүү бөлүмдөргө конкреттүү тапшырмалар берилди. Ал ошондой эле жол-транспорттук жаракаттарды жана жер тилкелери менен байланышкан алдамчылык фактыларды алдын алуу актуалдуу милдет бойдон калып жатканын белгиледи.

Шамбетов ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирген жаңы мыйзамдар, ошондой эле КР Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий