• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Жалал-Абад облустук милициясында бир катар кызматкерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта Жалал-Абад облустук милициясынын имаратында саптык кароо өткөрүлүп, кызматкерлердин жеке жана медициналык каражаттары текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматка дайындалган кызматкерлери өздүк курамга тааныштырылып, атайын наам ыйгарылды.

Андан соң ОИИБдин жыйындар залында олимпиада чемпиону А.Мелентьевдин жаркын элесине арналган ИИМдин чемпионатында байгелүү орундарды камсыздаган кызматкерлер сыйланды. Аларга Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Ашим Тагаев медаль, дипломдор менен катар акчалай сыйлыктарды тапшырып, жетишкен ийгиликтери менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий