• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖАМК: Жаза өтөп жаткандарга телевизор жана мискейге катып телефон берүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Жаза өтөп жаткан адамдарга телевизор жана мискейге катып телефон берүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-мартта болжол менен саат 11.50 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Ж.К.Кга атасы К.Н.К. тыюу салынган буюмдарды текшерүүдөн катып өткөрүү максатында мискейдин түбүнө жашыруун түрдө атайын жай жасалганы ачыкталды. Анын ичине ак жана кара түстөгү 2 даана «XIAOMI» үлгүсүндөгү уюлдук телефон, уюлдук телефон үчүн 4 даана наушник, 1 даана уюлдук телефонду заряддагыч жана башка тыюу салынган буюмдары мекеменин кызматкерлери тарабынан табылып, алынды. Бул факт АМС КЖБРге катталды.

Ал эми 27-мартта болжол менен саат 15.40 чамасында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №27 мекемесинин диний экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондорду кармоочу обочолонгон аймагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгон А.А.Уга Ж.у.А. аттуу жаран тамак-аш жана телевизор берүүгө келген.

Мекеменин текшерип өткөрүү жайынан кызматкерлер тамак-аштарды жана телевизорду текшерүү учурунда телевизордун ичинен 14 даана уюлдук телефон табылып алынды. Бул факт АМС КЖБРге катталды.

ЖАМК тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий