• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баңгизаттардын ири өлчөмдөгү партиясын ташуу менен алектенген жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери тарабынан каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жактарды кармоо боюнча атайын операция аяктады. Бул тууралуу аталган басма сөз кызматы билдирет.

Бангизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюу боюнча өткөзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 5-февралда болжол менен саат 02:00дө Жалал-Абад облусунун Токтогул айылынын Ош-Бишкек автожолунда Б.У. аттуу жарандын башкаруусундагы Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Автоунаага кароо жүргүзүү учурунда алдыңкы жүргүнчүлүк ордундагы рюкзактын ичинен күкүрт формасындагы жапайы өскөн кендир жыты бар кара-куурай, кара-жашыл түстөгү зат табылып алынган. Баардыгы 167 даана болуп эсептелген.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат

салмагы 1 кг 937 граммды түзгөн гашиш баңги каражаты деп аныкталган.

Алынган маалыматтын негизинде баңги каражаттар Чүй облусунун 38 жаштагы Б.У. аттуу айдоочуга жана 42 жаштагы С.М. аттуу жүргүнчүгө таандык экени аныкталган.

Учурда баңги каражаттарды ташууга тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий