• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда өткөн суткада эки жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Ош облусунда өткөн суткада эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 8-февраль күнү саат 09:33тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү саат 17:57де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Өзгөн районунун Жийде, Ор-Казган айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий