Бишкек, 26.03.18. /Кабар/. Чүй облусунун Токмок шаарындагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан батирден бир аялдын сөөгү табылды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар бекилип калган батирдин эшигин ачышканы барган.
“Маркум 1957-жылы туулган К.А., аттуу аял болгон. Жалпысынан үч куткаруучу тартылган, маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”,-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий