• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 18 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда 14нөн 20-январга чейинки аралыкта 18 миң 197 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 186;

- мас абалында автоунаа башкаруу — 157;

- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 47;

- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 393;

- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 6 221;

- автоээнбаштык — 11;

- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу — 1 635;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 9 547.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 211 автоунаа айып короосуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий