• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасында кыргызстандык документи жок бал менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Казак-кыргыз чек арасында документи жок бал алып бара жаткан кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Казакстандын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 22:00дө "Карасу" өткөрмө пунктунда 26 жаштагы жаран Кыргызстандан Казакстанга "Вольво" унаасы менен 1 миң 80 кг бал алып бара жатып кармалган.

"Аны кармоо себеби балдын документи жок болгон", - деп айтылат маалыматта.

Бал Кордай районунун ветеринардык-санитардык кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий