• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бензинди мыйзамсыз сатып жаткан түйүн табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери күйүүчү-майлоочу материалдардын мыйзамсыз сатылып жаткан түйүнүн аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-январында Бишкек шаарынын Профсоюзный көчөсүнүн аймагында күйүүчү-майлоочу материалдардын башаламан сатылып жаткан түйүнү табылды. Кароо иштерин жүргүзгөндө эч кандай уруксат документтери жок 2 тоннага жакын бензин табылды.

Азыркы убакта ЭККМК тарабынан күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз жол менен ташылып келишин аныктоо, ошондой эле аларды шек жараткан түйүндөр аркылуу сатылышын токтотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий