• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 21-февралында Аламүдүн РИИБине 1970-жылы туулган М.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан 18-февралына караган түнү MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасынын 2 даана аккумуляторун белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү учурунда шектүү жарандын Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда дагы башка кылмышка тиешеси бар же жок экендиги боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий