• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министри Жаш-Тилектеги мектептин курулушун жеке көзөмөлүнө алды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда, билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев Кадамжай районунун Жаш-Тилек айылындагы "Жаш-Тилек" толук эмес орто мектебине иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында билим берүү министри аталган орто мектептин жанындагы курулушу токтоп калган мектептин курулушу менен таанышып чыкты. Алмаз Бейшенов имараттын абалы менен таанышып чыккан соң курулуш иштерин жандандыруу керектигин билдирип, аны жүрүшүн тыкыр көзөмөлүнө алууну убадалаган.

Жергиликтүү тургундардын маалыматына таянсак, аталган мектеп 100 орундуу. Учурда бул мектепте 600 окуучу 3 сменде окуп жатат.

Мектептин жанына 2013-жылы жаңы мектептин курулуш иштери башталып, бирок токтоп калган.

Пикир

Оставить комментарий