• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда 103 эмдөөчү пункт жана 10 мобилдик топ уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Чүй облусунда 103 эмдөөчү пункт жана 10 мобилдик топ уюштурулду. Бул тууралуу КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясына каршы иммунизацияны уюштуруу жана өткөрүү үчүн Чүй облусунда 103 убактылуу эмдөөчү пункттары уюштурулган, ал жерде калкка эмдөө жүргүзүлөт, ошондой эле 10 мобилдик топ тартылган.

“Чүй облусу боюнча 36 миң 970 адам вакцинанын биринчи дозасын, 19 миң 290 адам экинчи дозасын алды”, - деп кошумчалады Волкова.

«Чүй облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин жалпы саны 23 миң 348 адамды түзөт, бүгүнкү күндө алардын 9 миң 565и эмдөөдөн өттү жана 5 миңге жакын кызматкер ден соолугуна байланыштуу эмдөөдөн өтпөйт. Калган кызматкерлер учурда активдүү эмдөөдөн өтүп жатышат», - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий