• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.10.17./Кабар/. Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Жибек-Жолу” сейил багынын ачылыш аземине шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, “МКР” ЖЧКсынын жетекчиси Гу Хуижун аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Айтмамат Кадырбаев шаардагы эс алуу жайларынын 99 пайызы үч жыл аралыгында толук оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн билдирип, жеке менчикке өтүп кеткен парктар да муниципалдык менчикке кайтарылгандыгын белгиледи.

“Жибек-Жолу”атындагы эс алуу жайы жеке менчикке өтүп, кароосуз калгандыгын шаар тургундары жакшы билет. Бак дарактар куурап, кейиштүү абалда калган эле. Аз убакыт өтбөй муниципалдык менчикке кайтарып алып, реконструкцияны баштаганбыз. Учурда сейил бак толугу менен оңдоп түзөөдөн өтүп, шаардагы эң кооз жайлардын бири болуп калды”,-деди шаар мэри.

Эс алуу жайды оңдоп түзөөгө жалпы 4, 5 млн сом сарпталып, анын ичинен Ош шаарынын мэриясы 2 млн, “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” 1 млн, “МКР” ЖЧК тарабынан 1,5 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле, А.Кадырбаев сейил бакты реконсртукциялоодо көмөк көрсөткөн “МКР” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Гу Хуижунга ыраазычылык билдирип, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын тапшырды.

Аталган эс алуу жайдын жалпы аянты 9 619 чарчы метрди түзүп, курулуш иштери “Апсамат-Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий