• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто жеке жактарга берилип кеткен соцобъекттердин жерлерин кайтарып алуу иштери башталат

Аймак 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Жеке жактарга берилип кеткен социалдык объектилердин жерлерин кайтарып алуу иштери башталат, деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун Оштун мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар соцобьекттерди кыдырды. Анын ичинен №8 М.Горький жана №24 М.Фрунзе атындагы мектептерге да барды.

Аталган билим берүү мекемелеринин аймагына курулуп калган, жеке жактарга таандык болгон курулуштарды мыйзам алкагында карап чыгып, мектептин аймагына жер тилкесин кайтарып берүү боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеринде тиешелүү тапшырмаларды берди.

Алсак, Горький атындагы мектептин аймагынын эки тарабы коммерциялык имараттарга, ал эми Фрунзе атындагы мектептин аймагынан 16 соода жайына жери берилип кеткен.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы атайын түзүлгөн комиссиянын маалыматы боюнча, 56 орто мектептин ичинен 31 мектептин аймагында мурда жеке жактарга бөлүнүп берилген жер тилкелери бар экендиги аныкталган. Ал жерлерге турак жай, ар кандай имараттар, тосмолор, соода түйүндөрү орнотулган.

Аталган объектилер боюнча шаар мэри Бакытбек Жетигенов социалдык объектилердин аймагын муниципалдык менчикке кайтаруу үчүн бардык документтерди көтөрүү жана тиешелүү иш аракеттерди алып баруу боюнча протоколдук тапшырмаларды берди.

Калаа башчысы жакынкы күндөрү шаардагы баардык социалдык объектилерди жеринен көрүп чыгат. Мында жеке тараптарга берилип кеткен жер аянттарын кайтарып алууга басым жасалат.

Пикир

Оставить комментарий