• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто “Түштүк Экспо – 2018” көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 15-августта Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында “Түштүк Экспо-2018” Эл аралык көргөзмө -жарманкеси ачылды. Расмий бөлүккө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, КРнын соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаментинин өкүлдөрү, элчиликтен атайнын өкүлдөр, ишкерлер келип катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев Эл аралык маанидеги ири адистештирилген жарманкелерди өткөрүү жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялар үчүн бизнес-аянтча катары түштүк борбордун өнүгүшүнө чоң салым кошот деп билдирди.

Иш-чарага жалпысынан 36 чет өлкөлүк, 22 Кыргызстандык өндүрүш компаниялары катышууда.

Белгилей кетсек, жарманке 17-августка чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий