• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто "Бий искусствосу-2023" эл аралык бий фестивалы старт алды

Аймак 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Кечээ, 16-августа Ош шаарында Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында алгачкы ирет "Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты.

Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өттү.

Белгилей кетсек бий фестивалына Индия, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кыргызстандын таланттары катышууда. Иш-чара 19-августка чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий