• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда ысырапккорчулукка жол бербөөгө багытталган жарлык эл тарабынан колдоо табууда

Аймак 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Кадамжайда ысырапкорчулук боюнча чыккан жарлыкты эл колдоп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБнин кызматкерлери район аймагындагы жергиликтүү тургундарга мечиттин имам хатибдери менен биргеликте КР президенти С.Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкорчулукка жол бербөө багытында чыккан жарлыгын жеткиришүүдө.

“Жума күнү жума намазы окулган мечиттерге милициянын кызматкерлери барып, элдин калың катмарына адам каза болгондогу ашыкча чыгымдар боюнча кеңири түшүнүктөрдү беришип, талкуулар жүрдү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Тургундар өз кезегинде, калк арасында ашыкча чыгымдарга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүү керек экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий