• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россиянын банктарын SWIFT системасынан өчүрүү мигранттардын акча которуусуна таасир этпейт — Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 28.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Россиянын банктарын SWIFT системасынан өчүрүүсү кыргызстандык мигранттардын мекенине акча которуусуна таасир этпейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, мигранттардын которгон каражаттары үзгүлтүксүз түрдө келе берет.

“Анткени ал SWIFT системасы менен эч кандай байланышы жок. Бардык акча которуу системалары россиялык банктар менен биздин банктар аркылуу түзүлгөн келишиндин негизинде келе берет. Ошондуктан кандайдыр бир кооптонууга негиз жок”, - дейт ал.

Буга чейин Россиянын банктарын SWIFT системасынан өчүрүү ыктымалдыгына байланыштуу Улуттук банк комментарий берген.

Пикир

Оставить комментарий