• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын алтын кору 2,5 млрд доллардан ашуун – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-мартына карата КР Улуттук банкынын эл аралык резервдериндеги алтындын наркы 2 млрд 684 млн долларды түздү, бул алдыда 6 айга жакын импортту камсыздайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйынында КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк туруктуу негизде валюта рыногундагы абалга көз салууда жана зарыл болгон шартта тиешелүү чараларды көрөт.

"Ошону менен бирге, өсүп жаткан геосаясий тобокелдиктердин фонунда өнүккөн дүйнөлүк финансы рынокторундагы жогорку белгисиздик экономиканы өнүктүрүүдө белгисиздикти жана өлкөдө олуттуу инфляциялык басымды жаратууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий