• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылдын январында Кыргызстандын ИДПсы 37,5 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын январында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 37,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала баалоосу боюнча, 2022-жылдын январында ИДПнын 37,5 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 101%ды (2021-жылдын январында 92,2%), ал эми Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү темпи 101,1%ды түздү (2021-жылдын январында – 96,1%) түздү.

ИДПнын дефлятору 107,7% деңгээлинде болду.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 2,4%га, курулушта – 1,6%га жана тейлөө чөйрөсүндө – 4,0%га өскөн, ал эми өнөр жайда өсүү темпи 5,4%га төмөндөгөн.

Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды чыгаруучу тармактардын үлүшү 36%ды, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 50,3%ды түздү.

2022-жылдын январь айында өнөр жай ишканалары тарабынан 22,8 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 4,5%га азайган. Кумтөр кенин иштетүүгө ишканаларды эсепке албаганда – 17,4 млрд сом, физикалык көлөмдүн индекси 93%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий