• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Шумкар” полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси белгиленди

Коом 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

ИИМден кабарлашкандай, 1992-жылдын 26-февралында Ички иштер министрлигинде атайын багыттагы отряд түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп келүүдө.

Полктун атайын операциялар отрядынын өздүк курамы 1999-2000-жылдары республиканын түштүгүндө Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында куралдуу каракчылар менен болгон салгылашууда бандиттик түзүлүштөрдү жок кылууда жана 2005, 2010-жылдары мамлекетибизде жана өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн башаламан окуяларда коомдук коопсуздукту камсыздоого активдүү катышып, өздөрүнүн кыраакылыгын, кесиптик даярдыгын жогорку деңгээлде аткарган.

“Бүгүнкү күндө отряддын кызматкерлери эң бай кесиптик тажрыйбага ээ. Себеби атайын операциялар отрядынын кызматкерлери өзгөчө коркунучтагы куралданган кылмышкерлерди кармоо боюнча жүздөгөн операцияларды ишке ашырган. Полктун атайын операциялар отряды аймактагы жасалган эң оор кылмыштардын бетин ачууда куралдуу кылмышкерлерди кармоо операциясын жүргүзүп келишет. Ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарда аракеттене билген жогорку даярдыктагы кызматкерлер кызмат өтөшөт”, - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер органдарын реформалоонун алкагында ички иштер министрлигинин 2018-жылдын 23-августундагы буйругунун негизинде тез чара көрүү отряды ИИМдин атайын багыттагы полкунун карамагына өткөрүлүп, атайын операциялар отряды болуп өзгөртүлгөн.

Өздүк курамды кесиптик майрамы менен куттуктоого ички иштер министри Улан Ниязбеков, орун басары Октябрь Урмамбетов, Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, отставкадагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев, полктун командири Аскат Султаналиев, полктун мурдагы командири Жамалдин Мурзаев, ИИМдин ардагери Токтогул Какчекеев, ардагерлер жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакындары келишти.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин аткарууда өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий