• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга 21 тонна тоңдурулган балык мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.

Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий