• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте №84 мектептин окуучулары чач тарач жана тигүүчүлүк өнөрүн үйрөнүшөт

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №84 Ж.Садыков атындагы орто мектепте атайын заманбап жабдуулар менен жабдылган "Технология" жана "Чач тарач" кабинеттеринин салтанаттуу ачылышы болду.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган мектептин окуучулары мектепте чач тарач жана тигүүчүлүк өнөрүн үйрөнүшөт.

"Окуу программасын аяктаган соң окуучуларга сертификат берилип, ага ылайык жумушка орношууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий