• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Казакстандын аскерлеринин биргелешкен машыгуусу өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Кечээ, 17-августта 20636 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргызстанжана Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы бөлүктөрү менен "Эрдик" биргелешкен тактикалык-атайын машыгуусунун ачылыш аземи өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгуунун жүрүшүндө чектеш аймактарда террордук коркунуч келип чыккан учурда бирдиктүү аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу жана күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда тартылучу бөлүкчөлөрдүн күжүрмөн жөндөмдүүлүктөрүн баалоо маселелери иштелип чыгат.

Машыгууга 150дөн ашык аскер кызматчылары жана 30га жакын атайын жана авиациялык техникалар тартылат. Машыгуу 2023-жылдын 23-августунда практикалык иш-аракеттерди аткаруу менен аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий