• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатынын чүчүкулак тартуу аземи ушул жумада өтөт

Спорт 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча курама командасынын 2023-жылы өтүүчү Азия чемпионатындагы атаандаштары ушул жума белгилүү болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кыргызстандын курамасы төртүнчү себетке жайгашты. Ал эми атаандаштарын аныктоо үчүн чүчүкулак тартуу аземи 19-январда Куала-Лумпурда өтөт.

Себеттердин курамы:
№1: Таиланд, Япония, БАЭ, Оман
№2: Палестина, Ливан, Иран, Бахрейн
№3: Малайзия, Кытай, Кувейт, Афганистан
№4: Кыргызстан, Индонезия, Сауд Аравия, Өзбекстан

Эске салсак, 16 курама команда катышкан Азия кубогу 2023-жылдын 16-мартынан 26-мартына чейин Таиландда өтөт.

Буга чейинки оюн 2019-жылдын март айында ошол эле Таиландда болуп, анда Япония финалда БАЭ командасын утуп, кубокту жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий