• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн көк бөрү боюнча КР биринчилигинин финалдык беттештери өтөт

Спорт 0

Бишкек, 03.11.18 /Кабар/. Бүгүн 3-ноябрда көк бөрү боюнча КР чемпионатынын финалдык беттештери өтөт. Бул тууралуу Жаш иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Ошондой эле бүгүн эр эңиш боюнча финалдык беттештер жана ат чабыш өткөрүлөт. Эр эңиш боюнча алгачкы кармаштар 2-ноябрда болгон.

Эске сала кетсек, жарым финалдык оюндарда Чүй облусунун командасы Таластын курамасын жеңсе, Ош облусу Ысык-Көлгө утулуп калган. Ошентип, 1-орун үчүн Ысык-Көл менен Чүй облустарынын командалары ойнойт. 3-орун үчүн таймаш Талас менен Ош облустарынын курамалары ортосунда өтөт.

Белгилей кетсек, оюндардын бары Ош облусундагы “Төлөйкөн” ат майданында өтүүдө.

“Төлөйкөн” ат майданында өтүп жаткан мелдештердин программасы:

09:30 - 10:30 - Эр эңиш боюнча финалдык беттештер;

10:30 - 12:00 - 3-орун үчүн көк бөрү боюнча беттештер;

12:00 - 14:00 - Ат чабыш (финал);

14:00 - 15.30 – Көк бөрү (финал);

Эске сала кетсек, көк бөрү боюнча биринчилик жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий