• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футболчу Лука Модрич "Алтын топтун" ээси болду

Спорт 0

Бишкек, 04.12.18 / Кабар/. Испаниялык “Реал Мадрид” клубунун жана футбол боюнча Хорватия курамасынын жарым коргоочусу Лука Модрич “France Football” журналынын аныктамасы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусуна берилген “Алтын топтун” ээси болду.

Ар кайсы өлкөдөн жалпы 148 журналисттин арасындагы сурамжылоонун жыйынтыгы менен 753 упай топтогон Лука Модрич жеңүүчү аталды. Андан кийин 476 упай алган Криштиану Роналду экинчи орунду ээлеген. Франция курамасынын оюнчусу Антуан Гризманн 414 упай менен үчүнчү болгон. Ошентип, 2008-жылдан бери алгачкы ирет “Алтын топ” Роналдуга же аргентиналык Лионель Мессиге (280 упай алып 5-орунду алган) буюруган жок. Алар ал сыйлыкты 5 жолудан алышкан.

Белгилей кетсек, Модрич “Алтын топко” татыган алгачкы хорватиялык оюнчу болду. Ал быйыл Россияда өткөн футбол боюнча Дүйнө биринчилигинде курама командасы менен финалга чейин жетип, мелдештин жыйынтыгы менен мыкты оюнчу аталган.

Пикир

Оставить комментарий