• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жылкы издеп жайлоого кеткен жарандын сөөгү табылды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Баткен облусунда жылкы издеп жайлоого кеткен жарандын жансыз денеси табылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, дайынсыз жоголгон жаранды издөө үчүн жалпысынан ӨКМдин 25 куткаруучусу тартылган.

Кечээ, 3-декабрда болжол менен саат 18:00дөр чамасында Бужума жайлоосунда маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Эске сала кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунун Өзгөрүш айылында 1966-жылкы жаран дайынсыз жоголгон. Үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында К.М., аттуу жаран Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий